• Башкы бет
  • Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт
13:53, 2023-ж., 31-январь

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +7…+9 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...