• Башкы бет
  • Баткенде кызын сабаган келин эки суткага камалды
13:51, 2023-ж., 31-январь

Баткенде кызын сабаган келин эки суткага камалды

Баткенде кызын сабаган келин эки суткага камалды

Баткенде кызын сабап видеого тартып алган аял 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал эми, анын эки жаштагы кызы, дагы эки баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

27-январда Кадамжай районунун тургуну жарандык никеде жашап жүргөн аялынын үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда ал аял 2 жаштагы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  138-бер. 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бактен

Комментарийлер

live comments feed...