• Башкы бет
  • Башкы прокурор кыргыз-тажик чек арасындагы кылмыш иши боюнча маалымат берди
13:48, 2023-ж., 31-январь

Башкы прокурор кыргыз-тажик чек арасындагы кылмыш иши боюнча маалымат берди

Башкы прокурор кыргыз-тажик чек арасындагы  кылмыш иши боюнча маалымат берди

Бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, өткөн жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча ачылган кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.

Башкы прокуратура Бишкек "куралдуу кол салуу" деп атаган кагылышуу боюнча былтыр 19-сентябрда кылмыш ишин ачкан.

Зулушевдин айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө тобу түзүлүп, ушу тапта окуяга күбө болгон Кыргызстандын жарандары сурамжыланды. Бардык фактылар катталып, чыгымдын суммасы эсептелди.

"Тиешелүү бизге суракка алууга мүмкүн болгон жарандардын баары суралган. Бирок күнөөлүү тараптар башка өлкөнүн жараны болгондуктан, бүгүнкү күндө аларды жоопко тартуу чоң маселе жаратат", - деди Зулушев.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. 19-сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш иши козголду" деп билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Курманкул Зулушев

Комментарийлер

live comments feed...