• Башкы бет
  • Аба ырайы: айрым тоолуу райондордо кар жаайт
16:55, 2023-ж., 30-январь

Аба ырайы: айрым тоолуу райондордо кар жаайт

Аба ырайы: айрым тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында кар жаайт жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда кар жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 0-5, күндүз 0+5;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...