• Башкы бет
  • Пакистанда 9 баланын дайыны чыкпай жатат
16:24, 2023-ж., 30-январь

Пакистанда 9 баланын дайыны чыкпай жатат

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Пакистанда Танда көлүндө оодарылып кеткен кайыктагы тогуз баланын дайыны чыкпай жатат. Бийлик бери дегенде 12 жеткинчектин өмүрү кыйылганын маалымдады. Куткарылган беш баланын абалы оор.

29-январда Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Танда көлүндө балдар сүзүп жүргөн кайык оодарылып кеткен.

Полициянын маалыматына караганда, Мирбаз Хел диний мектебинде окуган 10-13 жаштагы окуучулар эс алып жүрүшкөндө кырсыкка кабылышкан.

Издөө иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Пакистан

Комментарийлер

live comments feed...