• Башкы бет
  • Ички иштер министрлиги видеобайкоо камераларынын жардамы менен 163 адамды кармаган
12:38, 2023-ж., 28-январь

Ички иштер министрлиги видеобайкоо камераларынын жардамы менен 163 адамды кармаган

Ички иштер министрлиги видеобайкоо камераларынын жардамы менен 163 адамды кармаган

Видеобайкоо камераларынын жардамы аркасында өлкө аймагынан 163 адам кармалган. Булардын ичинен 137 адам кылмышка шектелип, 37 адам «дайынсыз жоголду» делип издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ өз маалыматында санариптештирүү жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын, бул реформа кылмыштын бетин ыкчам ачууга, уурдалган же жоголгон буюмдарды изин суутпай табууга, издөөдө жүргөндөрдү кармоого, дайынсыз жоголгондордун дарегин аныктоого оң таасирин тийгизгенин жазган.

Учурда жалпы республика боюнча 2141 көзөмөл камера иштейт. Анын негизинде ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы кримогендик кырдаалдарга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат.

2022-жылдын сентябрынан тарта ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборундагы сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо тутуму тесттик режимде ишке киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...