• Башкы бет
  • Кыргызстанда турак жай кооперативдери элдин капчыгына 900 миллиондон ашык чыгым келтирген
12:26, 2023-ж., 28-январь

Кыргызстанда турак жай кооперативдери элдин капчыгына 900 миллиондон ашык чыгым келтирген

Кыргызстанда турак жай кооперативдери элдин капчыгына 900 миллиондон ашык чыгым келтирген

Ички иштер министрлиги турак жай кооперативдеринен сак болууга чакырып, алардан бир жылда келтирген зыянды жарыялады.

Былтыр турак жай кооперативдерине 1 515 кылмыш иши катталып, мурунку жылдагы 9 кылмыш ишин кошкондо 1 524 иш өндүрүшкө алынган.

Алардан келтирилген материалдык зыян 901 млн 726 миң 29 сомду түзөт;

Учурда өндүрүлгөнү 108 млн 855 миң 713 сом;

1 284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген;

Жалпысынан 1 524 адам жабырлануучу болуп табылган.

Былтыр 12 ай ичинде 16 турак жай кооперативдерине алдамчылык фактылары менен арыз-даттануулар түшкөн. Алар:

“Ак үй КЖ”

“Жилье Гарант”

“Элдик Групп”

“Ихсан Групп ЛТД”

“Береке ЛТД”

“Дарим хаус”

“Ордо-Мурас”

“М строй групп”

“С-Лайн”

“Биринчи турак-жай кооперативи”

“Ансар”

“Ипотека”

“МПК коператив”

“Нью миленниум”

“Эл биримдиги”.

Милиция баштапкы сумманы салып, 4-6 айдын ичинде турак жай алуу өңдүү сунуштарга этияттык менен мамиле кылууга чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Турак жай кооперативдери

Комментарийлер

live comments feed...