• Башкы бет
  • Жалал-Абад: Ноокен районундагы ар бир үйгө китептер жеткирилүүдө
12:22, 2023-ж., 28-январь

Жалал-Абад: Ноокен районундагы ар бир үйгө китептер жеткирилүүдө

Жалал-Абад: Ноокен районундагы ар бир үйгө китептер жеткирилүүдө

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ар бир үйгө акысыз китеп жеткирип берилип жатат. Бул  «Китеп куржун» акциясын райондук китепкана демилгелеген, деп жазат "Т-Медиа".

Акциянын максаты жаштардын жана улуу муундардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу. Анын жүрүшүндө түрдүү багыттагы китептер мамлекеттик мекемелерге жана жарандардын үйлөрүнө жеткирип берилет. Аларды жарандар окуп бүткөндө же 10 күндөн кийин китепкана кызматкерлери кайрадан ошол үйгө барып, китептерди жаңысына алмаштырып кетет.

«Максатыбыз адабияттарды жайылтып, жарандарды китепканага тартуу. Себеби «Китеп куржундан» китеп берилгенден кийин, ал жаран башка тааныштарына айтат. Аны уккан адам китепканага келип, окурманыбыз көбөйөт деген ойдобуз. Учурда, жаш балдардын китепканага келгендери көбөйө баштады» — дейт Ноокен райондук Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын жетекчиси Алтынай Ажибаева.

Ноокен районунда жалпы 21 китепкана иштейт. Райондук китепканада 51 миңден ашуун китеп бар. Андагы кызматкерлер элдин кызыгуусу артып, китептердин чаң баспай окулушуна кызыкдар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...