• Башкы бет
  • Президент кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктап жатканын айтты
15:20, 2023-ж., 27-январь

Президент кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктап жатканын айтты

Президент кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктап жатканын айтты

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аяталып жатканы тарыхый окуя. Президент Садыр Жапаровдун мындай билдирүүсү Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев менен болгон расмий жолугушууда айтылды.  

«Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз» — деген Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 26-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров «Манас» эл аралык аэропортунда тосуп алган. Иш сапардын алкагында бизнес форум уюштурулуп, эки өлкө президенттери тар жана кең чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү.

Бул иш сапарда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу документтерге кол коюлары күтүлгөн. Эки өлкөнүн президенттери «Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Бул жолу тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашып жатышат.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кыргыз-өзбек кызматташуусу

Комментарийлер

live comments feed...