• Башкы бет
  • Кыргыз-өбек өнүктүрүү фондунун алкагында бир катар чакан ГЭСтерди куруу пландалууда
14:27, 2023-ж., 27-январь

Кыргыз-өбек өнүктүрүү фондунун алкагында бир катар чакан ГЭСтерди куруу пландалууда

Кыргыз-өбек өнүктүрүү фондунун алкагында бир катар чакан ГЭСтерди куруу пландалууда

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөт. 16-февралда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери тиешелүү документтерди даярдайт.

«Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз. Акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат» , — деди Жапаров.

Маалыматка караганда, тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштер аткарылды.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоо жүргүзүлөт.

«Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем. Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз» , — деди Жапаров.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-өзбек кызматташуусу

Комментарийлер

live comments feed...