14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында былтыр 37 миң Өзбекстандык студент окуган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алардын эң көбү же 12 миң 280ни Ош мамлекеттик университетинде билим алган. 10 миң 136 Өзбекстандык студент М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде, 6 миң 229 студент Кыргыз-Өзбек университетинде окуган. Баткен мамлекеттик университетинде да 3 миң 326 студент Өзбекстандык студент болгон.
Былтыр Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет өлкөлүк студент алаарын билдирген. Алар өлкөдөгү жалпы студенттердин 35%дан ашыгын түзөт. Акыркы беш жылда ЖОЖдордо Өзбекстандан келген студенттердин саны өскөн.
Комментарийлер