• Башкы бет
  • Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси пара менен кармалды
12:43, 2023-ж., 26-январь

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси пара менен кармалды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси пара менен кармалды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган адам Президенттин администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылганы аныкталган.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Антимонополия

Комментарийлер

live comments feed...