• Башкы бет
  • Бүгүн өзбек президентинин мамлекеттик сапары башталды
12:25, 2023-ж., 26-январь

Бүгүн өзбек президентинин мамлекеттик сапары башталды

Бүгүн өзбек президентинин  мамлекеттик сапары башталды

Бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапары башталат.

Анын алкагында эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт.

Бул тууралуу 24-январда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Ички иштер министрлиги Мирзиёевдин мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилерин кабарлап, жарандарды буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Шаардык милиция башчысы ушул күндөрү Бишкектеги бардык мектептерде сабактардын убактысын кыскартууну сунуштаган каты жарыяланды. Анда чектөөлөрдөн улам балдардын мектепке, кайра үйгө жетишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн экени жазылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шавкат Мирзиеев

Комментарийлер

live comments feed...