14:08
-ж., 29-февраль
Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушканын парламенттин 26-январдагы жыйынында билдирди.
“Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып салуунун мөөнөтүн жылдырдык. Президент да ушундай тапшырма берген экен”, - деди төрага.
Шакиев канча мөөнөткө жылдырыла турганын тактаган жок.
Парламенттин 25-январдагы жыйынында депутаттар автоунааларын камсыздандырбаган айдоочуларга айып салуунун мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган.
Комментарийлер