• Башкы бет
  • Ош: "Геопортал" электрондук системасы тесттик түрдө текшерилип жатат
15:43, 2023-ж., 25-январь

Ош: "Геопортал" электрондук системасы тесттик түрдө текшерилип жатат

Ош: "Геопортал" электрондук системасы тесттик түрдө текшерилип жатат

Долбоор 2021-жылдын башында жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн жалпы 3500 га жер аянтын так аныктоого жалпы 2 этап менен ишке ашыруу пландалган. Азыркы учурда 2 этабы тең аяктап тесттик түрдө текшерилип жатат. Ал эми тесттик түрү ийгиликтүү аяктагандан кийин элге ачык айкын жарыялоо жумуштары жүргүзүлөт.

Долбоордунмаксатышаардынаймагындагымамлекеттик, муниципалдыкжанажекеменчикжерлердинфактжанаюридикалыкиш-кагаздарыбоюнчатаканыктоо, электрондоштурулган маалыматтык системаны онлайн форматка өткөрүү жана аларды көзөмөлдөө, адамдык факторлорду кыскартуу менен коррупцияны жок кылууга көмөк көрсөтүү, жарандар жана ишкерлер үчүн керектүү болгон маалыматтарды алууну автоматташтыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуу жана ыкчам колдонуунун эсебинен бюрократиялык бөгөттөрдү төмөндөтүү, жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда ачык айкындуулукту камсыз кылуу болуп эсептелинет.

Жалпы долбоордун ичинде төмөнкү иштерди аткаруу каралган.

1. Муниципалдыкменчикбашкармалыгындакатталганжерлер, имараттар, жарнакщиттеринж.б. маалыматтарынтолугумененэлектрондоштуруу;

2. Келишимбоюнча 3 500 габорбордукбөлүгүнучкучсузпилоттукаппараты (дрон) мененаралыктансүрөткөтартуу (аэрофотоснимков) жумуштарын аткаруу;

3. 3500 гажераянтыныничиндегибардыкжерлердинфакт, юридикалыкжанаашыкчажерибоюнчатактоо;

4. Муниципалдыкменчикбашкармалыгынынкызматкерлеринокутупүйрөтүү;

5. Казына менен интеграциялоо;

6. ”Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборуна улоо;

7. Бардык маалыматтарды бир серверге топтоо;

8. Сайтка маалыматтарды орнотуу.

Ал эми "Интербилим" коомдук бирикмеси тарабынан 2 жыл мурда иштелген муниципалдык жерлер боюнча онлайн картасынын долбоорун улантуу иштери мэрия тарабынан иштелген геопортал долбоору менен окшоштук жаралгандыктан ал убактылуу токтотуп турулган. Азыркы учурда мэриянын долбоору толук кандуу иштеп баштаган мезгилде тиешелүү IT кызматкерлери менен макулдашуу аркылуу интеграциялоо жумуштары жүргүзүлөт.

Шаардыктардын кызыкчыгы үчүн демилгеленген ар бир долбоор аягына чыгат жана аны ар дайым мезгилге жараша жаңылап туруу зарыл деп эсептейбиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...