• Башкы бет
  • Памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районунда 400 үй курулат
15:41, 2023-ж., 25-январь

Памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районунда 400 үй курулат

Памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районунда 400 үй курулат

Быйыл май айында Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бардык үйлөрдө зарыл шарттар түзүлүп, жылуулук, электр энергиясы менен камсыздалат.

Өлкө башчынын маалымат кызматы, бийлик Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринен бардык этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Садыр Жапаров 2021-жылы апрель айында Алайга иш сапары менен барып памирлик кыргыздардан кабар алган. Анда ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүп келүү ниетин билдирген.

Ага чейин 2019-жылы декабрда 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келинген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыздар келген. Кийинчерээк, бир нечеси Ооганстанга кайра кетип, кайтып келген эмеc.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Памирлик кыргыздар

Комментарийлер

live comments feed...