• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган угуу болот
15:35, 2023-ж., 25-январь

Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган угуу болот

Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган угуу болот

27-январда Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам боюнча парламенттик угуу өтөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери, депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоору, 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, “кызыл террор” жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бере турганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңеш

Комментарийлер

live comments feed...