• Башкы бет
  • Кыргыз-казак делегациясы Ч. Айтматовду эскерүү форумуна катышууда
14:02, 2023-ж., 24-январь

Кыргыз-казак делегациясы Ч. Айтматовду эскерүү форумуна катышууда

Кыргыз-казак делегациясы Ч. Айтматовду эскерүү форумуна катышууда

Бүгүн, 24- январда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Чынгыз Айтматов — кыргыз-казак элинин руханий байлыгы» аталышында эл аралык VII форуму өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация катышууда.

Ошондой эле жазуучунун карындашы Роза Айтматова, эки элдин акын-жазуучулары катышып, Чынгыз Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылыгын эскеришти.

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга 23-январда расмий иш сапары менен келген, ал Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине да барды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Форум

Комментарийлер

live comments feed...