• Башкы бет
  • Жалал-Абадда 3 бакчага газ берилбей калды
13:54, -ж., 24-январь

Жалал-Абадда 3 бакчага газ берилбей калды

Жалал-Абадда 3 бакчага газ берилбей калды

Жалал-Абадда газдын басымы төмөндөп кеткендиктен газ менен жылытылган 3 бала бакча жабылды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Гүльнара Шалмурзаева билдирди.

Ошондой эле, калаадагы коммерциялык мекемелерге газ берүү да убактылуу чектөөгө алынган. Көгүлтүр оттун басымы эмне себептен төмөндөп кеткени жана качан калыбына келээри тууралуу Жалал-Абадгаз ишканасынан түшүндүрмө алуу мүмкүн болгон жок.

«Бир апта болуп калды.Биздин бала бакчада 141 бала бар. Азыр көмүр менен жылытылган бөлмөлөрдөгү 2 тайпа окуусун улантып жатат. Үч тайда газдын басымы төмөндөп кеткендиктен жабылды»— дейт №6 бала бакчасынын жетекчиси Гүльнара Шалмурзаева.

Жалал-Абадда шаарды жылуулук менен камсыздаган жалпы 18 откана бар. Анын төртөө жаратылыш газы менен иштейт. Көгүлтүр оттун басымы төмөндөгөндөн улам алардын бири көмүр менен жылытууга өткөрүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Газ

Комментарийлер

live comments feed...