• Башкы бет
  • Араван-Ак-Буура каналы 17 миллион евродон ашык суммага реконструкция болот
13:51, -ж., 23-январь

Араван-Ак-Буура каналы 17 миллион евродон ашык суммага реконструкция болот

Араван-Ак-Буура каналы 17 миллион евродон ашык суммага реконструкция болот

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 миллион 870 миң евро бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн, 23-январда парламенттин тармактык комитети Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы «климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун жактырды.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовдун маалыматында, долбоордун натыйжасында Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштери аткарылып, 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшыраары күтүлүүдө. Бул үчүн 17 млн 870 миң евро бөлүнүп, анын 14 млн 130 миң евросу кредит, 3 млн 740 миң евросу гранттык негизде болот.

Кредит төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 15 жылга өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Канал

Комментарийлер

live comments feed...