• Башкы бет
  • АКШда атылган октон 10 адам каза болуп, 10дон ашык адам жараат алды
13:46, 2023-ж., 23-январь

АКШда атылган октон 10 адам каза болуп, 10дон ашык адам жараат алды

АКШда атылган октон 10 адам каза болуп, 10дон ашык адам жараат алды

АКШнын Калифорния штатынын Монтерей-Парт шаарында ишембиден жекшембиге караган түнү белгисиз бирөө ок аткан. Ал убакта көчөдө көптөгөн адамдар кытай календары боюнча Жаңы жылды майрамдап жаткан. Полициянын маалыматына ылайык кеминде 10 киши каза таап, дагы ондогону жарадар болгон.

Азырынча ок аткан киши тууралуу маалымат жок жана анын аракетинин себеби белгисиз.

Монтерей-Парк Лос-Анжелестин четинде жайгашкан шаар. Анын калкынын 65 пайызын Кытайдан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер түзөт. Кытайдын Жаңы жылын майрамдоо үчүн бул жерге миңдеген киши чогулган. Майрамдын негизги бөлүгү салют аттыруу менен коштолгондуктан октун добушун дароо айырмалап билүү мүмкүн болбой калган.

Учурда жарадар болгондордун так саны такталууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#АКШ

Комментарийлер

live comments feed...