• Башкы бет
  • "Алай" клубунун директору болуп Кабылбек Укулов дайындалды
13:31, -ж., 21-январь

"Алай" клубунун директору болуп Кабылбек Укулов дайындалды

"Алай" клубунун директору болуп Кабылбек Укулов дайындалды

А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадионго жана “Алай” футболдук клубуна директор болуп Кабылбек Укулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. Жаңы жетекчи бүгүн жамаатка тааныштырылды.

Ал ушул убакытка чейин Ош шаарынын мэриясынын ички аудитору болуп иштеп келген. Эмгек жолунда бир катар муниципалдык ишканаларда орун басарлыкты аркалап жана каржы тармагында эмгектенген. Ошондой эле ал футбол ардагери.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кабылбек Укулов

Комментарийлер

live comments feed...