• Башкы бет
  • Президент электр энергиясынын тарифи 1 сомго көтөрүлө турганын айтты
13:24, -ж., 21-январь

Президент электр энергиясынын тарифи 1 сомго көтөрүлө турганын айтты

Президент электр энергиясынын тарифи 1 сомго көтөрүлө турганын айтты

Президент Садыр Жапаров май айынан баштап электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда өлкө башчы электр тармагына токтолуп, эгер баа көтөрүлбөсө энергетика тармагын жоготуп алуу коркунучу бар экенин белгилеген.

«Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз. Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет. Бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деп жазган.

Ошондой эле, эгемендүүлүк алгандан бери өлкө бир дагы ГЭС курбаганын, элдин саны өскөнүн, чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары да жаңыланган эместигин,  жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80%дан жогору экенин белгилеген.

Ушул тапта 50 гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери жүргүзүлүп жатканын, энергетика тармагы мамлекетти кышта дагы толук кандуу электр энергия менен тейлөөгө мүмкүнчүлүк ала турганын кошумчалаган.

Бүгүнкү күндөгү өчүрүүлөргө токтолуп, веердик өчүрүүлөр болбой жатканын, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, жабдыктарга күч келип жатканын айткан.

«Электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда. Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн. Кыскасы ток этер жерин айтсам, эскилиги жетип, жүрбөй калган машинаны капиталдык ондоодон өткөрүп алгандай эле, өкмөт электр жабдуулардын эскилиги жеткендигине карабастан, кесипкөй адистерибиздин күчү менен кышка жакшы даярдык көрүп алганбыз», — деген президент.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Президент

Комментарийлер

live comments feed...