• Башкы бет
  • УКМКнын тергөөчүсү 15 миң АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды,-Башкы прокуратура
13:16, -ж., 21-январь

УКМКнын тергөөчүсү 15 миң АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды,-Башкы прокуратура

УКМКнын тергөөчүсү 15 миң АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды,-Башкы прокуратура

УКМКнын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда башкы көзөмөл органга О. А . аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Ы. өзүнүн башка кесиптештери менен ага козголгон кылмыш иштерин кыскартуу үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылып жатканын айткан.

Бул арыздын негизинде Башкы прокуратура 343-берененин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Бүгүн, 20-январда УКМКнын имаратында тергөөчү Т. Ы. 15 миң АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды. Азыркы тапта бул ишке башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөлүндө укук коргоо органдарыннан  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөн.

Башкы көзөмөл орган бул аракеттер дагы улантыларын кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...