• Башкы бет
  • Майлуу-Суу шаары 68% жылуулук менен камсыз болду
13:13, -ж., 21-январь

Майлуу-Суу шаары 68% жылуулук менен камсыз болду

Майлуу-Суу шаары 68% жылуулук менен камсыз болду

Кечээ 20-январь, саат 20:30га карата Майлуу-Суу шаарынын тургундарына 48 тонна суу жеткирилген. Эки от казан ишке киргизилип, жалпы 68% пайыз жылуулук менен камсыздалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген  адистер  чакыртылган. Алар  катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө  иштерин башташкан.

Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жерде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техниканын тартылып, казуу иштери жүрүүдө.

Шаарда кечээ кечинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, депутат Талант Мамытов катышуусунда координациялык жыйын өткөн. Майлуу-Суу шаардык жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Майлуу-Суу

Комментарийлер

live comments feed...