• Башкы бет
  • Япониянын элчиси Баткенге барып, азык-түлүк таратты
13:06, 2023-ж., 21-январь

Япониянын элчиси Баткенге барып, азык-түлүк таратты

Япониянын элчиси Баткенге барып, азык-түлүк таратты

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидэки Года президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Жаныбек Исаковго азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жардам катары расмий түрдө өткөрүп берди. Иш-чара Баткен шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын катышуусунда өттү.

Сапардын алкагында Элчи Зидэки Года учурда Баткен шаарындагы окуу жайдын имаратында убактылуу жашап жаткан жабыркаган жарандар менен жолугушту.

«Жапон эли да башынан көп оор мезгилдерди өткөрдү. Себеби өлкөдө жер титирөө ж б кырсыктардан  эл көп ирет  жабыркаган.Ошол себептен мен  сиздердин  башыңыздарга түшкөн оор күндөрдү, кайгы муңду жакшы түшүнүп турам. Буюрса Жапон өкмөтү колдон келген жардамыбызды берип, колдоо көрсөткөнгө дайыма даярбыз», —  деген элчи

Бул жардамдар Жапония Өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) аркылуу көрсөтүлдү.

Анын алкагында 25 000 эвакуацияланган жарандарга  496 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы менен камсыз кылынган.

Бул жардамдар инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүүнү, сугат түтүктөрүн, дренажды жана каналдарды тазалоону камтыйт. Долбоордун алкагында кабыл алуучу жамааттарга үйлөрү калыбына келтирилгенге чейин суук кыштан коргоо үчүн зарыл болгон буюмдарды, жылытуу үчүн көмүрдү жана убактылуу турак жайларды берет.

Жапония эвакуацияланган кишилерди негизги кызматтар, социалдык жөлөкпул жана гуманитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, инсандыгын юридикалык жактан тастыктаган документин, мүлктөрдү жана жарандык документтерди, анын ичинде туулгандыгы  тууралуу күбөлүктердү калыбына келтирүүгө жардам берүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...