• Башкы бет
  • Бишкекте бир нече ЖМКлар жайгашкан имаратта "бомба коюлду" деген жалган болуп чыкты
13:02, -ж., 21-январь

Бишкекте бир нече ЖМКлар жайгашкан имаратта "бомба коюлду" деген жалган болуп чыкты

Бишкекте бир нече ЖМКлар жайгашкан имаратта "бомба коюлду" деген жалган болуп чыкты

Бишкек шаарында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жайгашкан имараттарда “бомба коюлганы” тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Шаардык милиция эч кандай жарылуучу зат табылбаганын маалымдады, деп жазат "Азаттык".

20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre бизнес борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөн. 24.kg агенттигине да электрондук почта менен кат келип, кызматкерлер имараттан эвакуацияланган.

Ушундай эле кат "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.media сайтына да келген. Алар да отурган имараттан эвакуацияланган.

ЖМКлардын жамааттары отурган имараттарды сапёрлор текшерип чыккандан кийин гана кызматкерлер иш ордуна коё берилди.

20-декабрда эртең менен Бишкектеги беш мектептин окуучу, мугалимдери жардыргыч зат тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Түштөн кийин милиция мектептерде эч кандай жардыруучу зат табылбаганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ЖМК

Комментарийлер

live comments feed...