13:40, -ж., 19-январь
Ош: "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Анын үстүнөн 8 арыз түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жабыркагандар аталган кооперативдин негиздөөчүсү А. А. аттуу аял бир нече жарандарга үй жана машина алып берүүнү убадалаганын билдиришкен.
«Арыздануучулардын бири Т.Б. аттуу жаран 1 млн. 600 миӊсомүйалууүчүнберсе, С. М. аттуужаранавтомашинаалууүчүн 210 миӊсомбергендигинбилдиришкен. Бүгүнкүкүндөушундаймазмундагы 8 арызтүшкөн. Ак-Буурамилициябөлүмүнүналганыкчаммаалыматтарынакарагандажабырдануучулар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Муслим» турак-жай кооперативинин негиздөөчүсүнөн жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышууну суранат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
12:50
-ж., 28-январь
12:48
-ж., 28-январь
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер