• Башкы бет
  • Энергетика министри электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын айтты
13:37, -ж., 19-январь

Энергетика министри электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын айтты

Энергетика министри электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын моюндады. Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгы 450-480 мегаватты түзүүдө. Мындан улам электр жабдыктарын сактоо максатында жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн чектөө киргизүүгө аргасыз болушкан.

Министр саат 17:00дөн 24:00гө чейин электр энергиясы нормадан 450-480 мегаваттка ашык колдонулуп жатканын белгиледи.

«Электр станцияларынын мүмкүн болгон кубаттуулугу 3356 мегаватты түзөт. Бул бүгүнкү күндө өлкө боюнча генерациянын кубаттуулугу. Ошону менен бирге кечки максималдуу керектөө сааттарында болжол менен кубаттуулугу 3740 мегаватка чейин чыгып жатат. Электр энергиясынын тартыштыгы 450-480 мегаватка жетүүдө. Ошондуктан эрте менен саат жетиден кечки төрт жарымга чейин чектөөлөр киргизилүүдө. Кечинде электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеткенине жана генерациялоочу кубаттуулуктун жетишпегенине байланыштуу бир саатка өчүрүлүп жатат. Биз бир эле аймакты алты-жети саат жарыксыз калтырган жокпуз. Бир сааттан ашык эмес убакытка гана токтотуп, кийин башка линияны өчүрүп жатабыз. Мындай иштер кезек-кезеги менен жасалууда», — деди Ибраев.

Таалайбек Ибраев электр тогу көп колдонулуп жаткан аймактар аныкталып, 18-январда өчүрүүлөрдүн графиги жарыяланганын билдирди. Ал график энергетикалык мекемелердин сайттарына чыгып, жергиликтүү бийликке дагы берилген дейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Энергетика министри

Комментарийлер

live comments feed...