13:35, -ж., 19-январь

Өзбек президенти Кыргызстанга келет

Өзбек президенти Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен “эң жакынкы арада” келери пландалып жатканын бүгүн 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди:

“Эң жакынкы арада бул сапарды уюштурабыз деп ойлойм. Азыр конкреттүү даталар боюнча иш жүрүп жатат, бирок азырынча биз аны айта албайбыз. Бирок иш жүрүүдө. Эң жакынкы арада болот”.

Кулубаев былтыр ноябрда Өзбекстандын башкы дипломаты Владимир Норов Бишкекке келгенде Мирзиёевдин сапарынын күн тартиби, мазмуну деталдуу түрдө талкууланганын, сапарды жаңы жылга чейин уюштуруу планы болгонун, бирок Өзбекстандагы климаттык кырдаалдан улам алар сапарды кийинкиге калтыра турууну суранышканын кошумчалады.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ТИМ

Комментарийлер

live comments feed...