• Башкы бет
  • Mega жеке колдорго өтпөйт,-Эрбол Султанбаев
13:29, 2023-ж., 19-январь

Mega жеке колдорго өтпөйт,-Эрбол Султанбаев

Mega  жеке колдорго өтпөйт,-Эрбол Султанбаев

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) менчиктештирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, компания жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт. Ал MEGA өлкө бюджетин толтурууга салым кошуп, мамлекет карамагында кала турганын жазган.

"Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк, же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө", - деген Султанбаев.

Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков элди мамлекеттик "Мега" (мурдагы "Мегаком") мобилдик компаниясынын кызматын колдонууга чакырган. Муну ал "Мамлекетке көп каражат түшсө - айлык, жөлөк пул, пенсия көлөмү өсүп, мектептер көп курулуп, жолдор салынары" менен түшүндүргөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эрбол Султанбаев

Комментарийлер

live comments feed...