• Башкы бет
  • Акылбек Жапаровго "Ош МУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды
13:40, 2023-ж., 18-январь

Акылбек Жапаровго "Ош МУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Акылбек Жапаровго "Ош МУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ 17-январда Акылбек Жапаров Ошко болгон иш сапарында аталган окуу жайга барган.

Анда Жапаровго университеттин базасында түзүлгөн медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлгөн.

Министрлер Кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канагаттануу менен белгилеген.

«Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Соңунда Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош МУ

Комментарийлер

live comments feed...