14:00, 2023-ж., 17-январь

Аба ырайы: жаан жаабайт

Аба ырайы: жаан жаабайт

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 18-январда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Талас облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Нарында түнкүсүн -26…-31, күндүз -12…-17;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17, күндүз -4…-6 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...