13:55, 2023-ж., 17-январь

Ырчы Малик Аликеев каза болду

Ырчы Малик Аликеев каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы, комузчу Малик Аликеев бүгүн, 17-январда дүйнө салды. Ал 54 жашта болчу. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты.

Белгилүү болгондой ырчы көп убактан бери ооруп жүргөн.

Ал 2020-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Былтыры улуттук филармонияда жеке концертин өткөргөн. Эл арасында «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» ырлары менен таанылган болчу.

Малиев Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Малик Аликеев

Комментарийлер

live comments feed...