• Башкы бет
  • Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматтан алынды
13:50, 2023-ж., 17-январь

Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматтан алынды

Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматтан алынды

Баш прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов кызматтан алынды. Анын ордуна Улукбек Султанов баш прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 17-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Буга чейин президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштаган.

Андагы маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилеринин мыйзам бузганы, тергөө жана ыкчам издөө иштерине талаптагыдай көзөмөл кылбаганы аныкталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Башкы прокуратура

Комментарийлер

live comments feed...