• Башкы бет
  • Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү токтотулду
13:36, 2023-ж., 16-январь

Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү токтотулду

Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү токтотулду

«Жалалабатгаз» коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты, деп жазат "Т-Медиа".

Мекемеден билдиришкендей, аба ырайынын суукташына байланыштуу «Узтрансгаз» менен «Кыргызнефтегаз» ишканалары тарабынан Жалал-Абад шаарына берилип жаткан газдын басымы төмөндөгөн.

Мындан улам, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына газ жетпей калууда. Аталган ишканадан кошумчалашкандай, газдын басымы жогорулгандан кийин, берүү кайрадан уланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...