• Башкы бет
  • Тажик президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду
14:53, 2023-ж., 14-январь

Тажик президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду

Тажик президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду. Бул тууралуу 14-январда Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди.

Катта акыркы отуз жылдын ичинде эки мамлекет достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишкени айтылат.

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ. Эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди биргелешип илгерилетүүдө. Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, аларды жаңы практикалык мазмунга толтурууга мындан ары да ар тараптан салым кошобуз деп терең ишенем», — деп жазылган Рахмондун катында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалаган.

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров бул маарекеге байланыштуу тажик президентин да куттуктаганын билдирди. Мамлекет башчынын расмий сайтына каттын мазмуну жарыяланды

«Сизди Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында биргелешкен аракеттерибиз менен мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулбастыгын өз ара урматтоо принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыздай алабыз деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин бакубаттыгы үчүн достук, ынак коңшулук жана өнөктөштүк нугунда өнүгүшү керек деп эсептейм», — деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров Рахмонго чың ден соолук каалап, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми тажик элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эмомали Рахмон

Комментарийлер

live comments feed...