• Башкы бет
  • Оператор Калысбек Бактыбек уулу үй камагына чыгарылды
14:50, 2023-ж., 14-январь

Оператор Калысбек Бактыбек уулу үй камагына чыгарылды

Оператор Калысбек Бактыбек уулу үй камагына чыгарылды

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулу (Ашырбаев) үч камагына чыгарылды. Мындай чечимди 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана аны менен иштеген оператор Калыс Ашырбаев былтыр 4-октябрга караган түнү кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар «опузалап акча талап кылууга» шектелип жатат.

Сатыбалдиева кош бойлуу болгондуктан 4-ноябрдын кечинде эч жакка кетпөө тил каттын негизинде бошотулган. Ал эми Ашырбаев Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Оператор

Комментарийлер

live comments feed...