• Башкы бет
  • Бишкекте формачан мас болуп жүргөн милиция кызматкери жана жетекчиси кызматтан кетти
14:45, 2023-ж., 14-январь

Бишкекте формачан мас болуп жүргөн милиция кызматкери жана жетекчиси кызматтан кетти

Бишкекте формачан мас болуп жүргөн милиция кызматкери жана жетекчиси кызматтан кетти

Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринин алдында формачан мас болуп жүргөн милиция кызматкерине жана анын жетекчилерине чара көрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузуп, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу, милициянын ага лейтенанты Нурбек уулу Максат ииштен бошотулду. Мындан тышкары Кинология борборунун башчысы К.Купешов да ээлеген кызматынан алынды. Ал эми Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары тартиптик жазага тартылды.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда», -деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда формачан милиция кызматкери мас абалында айрым бир жоруктарга барганы тартылган видео тарап жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...