• Башкы бет
  • Түмөнбай Колдошов Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды
13:43, 2023-ж., 13-январь

Түмөнбай Колдошов Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды

Түмөнбай Колдошов Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды

Түмөнбай Колдошов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койду.

2022-жылдын 13-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы университеттин ректорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алган.

Маданият жана искусство университетинин буга чейинки ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам көз жумган.

Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов 2022-жылы сентябрынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеди.

Ага чейин Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору кызматын аркалап келген, ошондой эле ОшМУда агартууучу катары эмгектенген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түмөнбай Колдошов

Комментарийлер

live comments feed...