• Башкы бет
  • Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара менен кармалды
13:54, 2023-ж., 12-январь

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара менен кармалды

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу)  ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган  М.Б.С. кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. 

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...