• Башкы бет
  • Ош: жолду кар-муздан тазалоо иштери күчөтүлөт
13:53, 2023-ж., 12-январь

Ош: жолду кар-муздан тазалоо иштери күчөтүлөт

Ош: жолду кар-муздан тазалоо иштери күчөтүлөт

Тынымсыз жааган кардан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаардын бардык муниципалдык кызматтарына жолдорду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштерин күчөтүү тапшырылды.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тийиштүү ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көзөмөлгө алууда. Анын жүрүшүндө С.Жунусбаев Ош шаарынын жетекчилиги жолдорду кардан тазалоо боюнча абалды көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, бардык кызматтарга өздөрүнө тапшырылган жол тилкелерин тазалоодо бири-бири менен эриш-аркак иштөөнү тапшырды.

Ош шаарынын жолдорун тазалоо иштерин Ош-Тазалык, ДЭП-21 ишканалары, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, Ош шаардык жолдор башкармалыгы аткарат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...