13:48, 2023-ж., 12-январь

Канатбек Исаев үй камагына чыкты

Канатбек Исаев үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 20-февралга чейин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу былтыр 23-октябрда камакка алынган болчу.

Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү андан кийин эки жолу эки айга узартылган.

2017-жылы Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Канатбек Исаев

Комментарийлер

live comments feed...