• Башкы бет
  • Баткен: чек арадагы жаңжалда жабыркаган 854 жарандын документтери калыбына келтирилди
13:43, 2023-ж., 12-январь

Баткен: чек арадагы жаңжалда жабыркаган 854 жарандын документтери калыбына келтирилди

Баткен: чек арадагы жаңжалда жабыркаган 854 жарандын документтери калыбына келтирилди

Баткенде чек ара жаңжалында жабыркаган 854 жарандын документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Былтыр чек арадагы куралдуу кол салуудан кийин “Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлык чыккан. Анын негизинде жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү үчүн Баткен облусунун үч районунда, Бишкек жана Ош шаарларында мобилдик топтор уюштурулган.

Министрлик жалпы 928 мамлекеттик кызмат көрсөтүлүп, анын ичинен 854 документ берилгенин маалымдады.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуя болуп, 63 жаран каза болгон. Жалпы 661 турак жай зыян тартып, анын 423ү жашоого жараксыз абалга келген. Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жакка көчүрүлүп кетүүгө мажбур болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...