• Башкы бет
  • Жалал-Абад: жарандардан акча опузалагандар кармалды
14:58, 2023-ж., 11-январь

Жалал-Абад: жарандардан акча опузалагандар кармалды

Жалал-Абад: жарандардан акча опузалагандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жарандарды коркутуп акча опузалап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, декабрь айында Ноокен районунун 32 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал арызында «Бакай» аттуу жаран андан 50 миң сом жана 1 унаа беришин талап кылган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бакай аттуу атуулдун өздүгү такталып, ал Ноокен районунун 32 жаштагы мурда Орусияда «каракчылык» фактысы менен сот жоопкерчилигине тартылган Ж.Б. экендиги аныкталган.

Ошондой эле ал  кылмыштуу шериктеши менен шаардагы ашканалардын биринен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын алып кетип жаткан жеринен кармалган.

Учурда алар Ноокен райондук соту тарабынан 1 айга камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кочкор-Ата

Комментарийлер

live comments feed...