14:56, 2023-ж., 11-январь

Бишкек-Ош унаа жолу кардан тазаланды

Бишкек-Ош унаа жолу кардан тазаланды

Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында 4000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жерине ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүнөн 3 куткаруучу тартылып, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Түнкү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып, эки тараптуу ачылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек-Ош унаа жолу

Комментарийлер

live comments feed...