• Башкы бет
  • Актер Чыңгыз Мамаев экриндикке чыкты
14:45, 2023-ж., 11-январь

Актер Чыңгыз Мамаев экриндикке чыкты

Актер Чыңгыз Мамаев экриндикке чыкты

Бишкек шаардык соту 10-январда актер Чыңгыз Мамаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирген.

6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынганын билдирген.

Мамаев быйыл апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чыңгыз Мамаев

Комментарийлер

live comments feed...