• Башкы бет
  • ӨКМ катуу суукта эмне кылуу керектигин айтты
13:17, 2023-ж., 10-январь

ӨКМ катуу суукта эмне кылуу керектигин айтты

ӨКМ катуу суукта эмне кылуу керектигин айтты

Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук болушу күтүлүүдө. Кээ бир аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануунун эрежелерин эскертти.

§кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл;

§суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек;

§алкоголдук ичимдиктер жана тамеки сунушталбайт. Себеби, алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат.

Денеге кам көрүү

§Терини сууктан коргоочу бальзам, мазь, крем ж.б. косметикаларды сатып алсаңыз болот;

§жылуу, нымга туруктуу кийимдерди кийиңиз.

Үшүк алган адамдардын көпчүлүгү теринин үшүк алган жерлерин сүртүү жардам берет деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Анткени сууктан улам кан тамырлар морт болуп, сүртүү учурунда аларга зыян келүүсү мүмкүн. Натыйжада пайда болгон чакан көк-алалар аркылуу организмге инфекция кириши мүмкүн. Ошондой эле үшүк алган бутту тез жылытууга болбойт.

Үшүк алган учурда биринчи жардам

Денени үшүк алганда сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот.

Үшүктүн 3 даражасы бар:

Денеде ыйлаакчалар пайда болуп же көгөрүп кетсе үй шартында дарыланбастан, токтоосуз дарыгерге кайрылуу керек. Ал эми, үшүк алган тери кубарып кетсе жылуу бөлмөгө кирип, калың марли же пахта коюп, кленка менен таңуу сунушталат. Үшүк алган колду же бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасы +20 градустан улам жогорулатып +40 градуска чейин жеткирүү зарыл. Мындай процессти 40 мүнөт жасап, үшүк алган дене бөлүктөрүн жай укалоо керек. Андан кийин чай же башка жылуу суусундук ичсеңиз болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ӨКМ

Комментарийлер

live comments feed...