• Башкы бет
  • Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйылкы жылга ажылыкка 6 миң кишиге квота бөлдү
13:15, 2023-ж., 10-январь

Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйылкы жылга ажылыкка 6 миң кишиге квота бөлдү

Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйылкы жылга ажылыкка 6 миң кишиге квота бөлдү

Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйылкы жылга ажылыкка 6 миң кишиге квота берди. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Муфтий Замир Ракиев Мекке шаарында Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары Абдел Фаттах бин Сулейман менен жолукту. Анда былтыркы жылдын ажылык сапары жакшы уюштурулганы белгиленип, быйылкы ажылыкта да бардык талаптар аткарылат деген тилектештик айтылды. Ошону менен катар эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыга турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендиги эскертилди.

Муфтий баштаган кыргыз делегациясы 8-январдан бери Мекке шаарында иш сапарда болууда.

Муфтияттын маалыматына караганда, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 адам кезекте турат.

2021-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Муфтият

Комментарийлер

live comments feed...