• Башкы бет
  • ККМ колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге өстү
13:01, 2023-ж., 10-январь

ККМ колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге өстү

ККМ колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге өстү

Кыргызстанда контролдук-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны соңку бир жылда дээрлик үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы менен ККМ колдонуп иштегендердин саны 64 миңден ашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 22 миңдей болчу.

Салык кызматынын расмий өкүлү Эркин Сазыковдун айтымында, Салык кодексине өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүлөр кирсе ККМ колдонгон ишкерлерге кошумча жеңилдик берилет:

“Ошол жерде атайын пункт бар. Салыктан бошотуу мурда бир жыл эле болчу. Эми, сунушталып жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, мөөнөтсүз болот. Тагыраак айтканда, эгер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган чакан ишкер сөзсүз түрдө контролдук-кассалык аппарат (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура колдонсо, биз аны Соцфонддун төлөмү менен киреше салыгынан тышкары башка салыктардын баарынан бошотобуз”.

Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...